Жеке байланыштар, айрыкча эл аралык деңгээлде, тилекке каршы, учурда чектелген. Бирок биз дагы деле болсо үмүткө толуп, биргеликте ушул кризистен чыга алабыз деп ишенебиз.

Эл аралык алмашуу келечектеги дүйнө үчүн маанилүү пайдубал бойдон калууда, ошондой эле Германия ар дайым дүйнөнүн төрт бурчунан келген студенттерди жылуу тосуп алган ачык өлкө бойдон калууда.

Бүгүнкү күндө университеттерде дагы онлайн байланыш маанилүү ролду ойнойт. Ошентип, мисалы, дүйнөнүн төрт бурчунан келген эл аралык студенттер менен онлайн режиминде окутуу эл аралык диплом алууга мүмкүнчүлүк берет.

Германиядагы виртуалдык онлайн билим жарманкесине барып, Германиянын университеттеринин акыркы сунуштары менен таанышыңыз. Биз сиз менен жолугушканга кубанычтабыз!

Виртуалдык жарманке программасы жана каттоо

Виртуалдык жарманкеге катыша турган Германиянын университеттери жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн бул жерден каттоодон өтүңүз.

Германияда окуу - Виртуалдык онлайн билим жарманкеси жума куну 27.11.2020 саат 17: 00дөн 21: 00гө чейин.