Inhalt

ЧаВо - кырг.

Junge Forschende analysieren Substanzen im Labor.
© iStockphoto

Биздин консультация учурунда көптөгөн суроолор кайра-кайра берилип турат. Сиз биздин сайтка кирип, көптөгөн маалыматтарды окуп чыккандан кийин, балким сизде көптөгөн суроолорпайда болду, анын жообун биздин сайттагы маалыматтын арасынан табуу оңой эмес. Ушул себептен сиз көп берилүүчү суроолордун серептерин жана аларга берилген жоопторду ушул жерден таба аласыз.

Эгер андан сырткары суроолоруңуздар пайда болсо, сураныч бизге электрондук почта билдирүүсүн жөнөтүңүз: infodaad-kyrgyzstan.org

Корона пандемиясынын шарттарынан улам өзгөрүлгөндүктөн, тилди тастыктаган төмөнкү эрежелер 2020-жылдын күз айына карата бир жолу колдонулат:

  • Германиядагы жайкы университеттик тил курстары: Сизде жок дегенде A2 тил сертификаты болушу керек. Бул onSET сертификаты (арыз берген учурда 2 жаштан улуу эмес) же Бишкектеги тил борборунун сертификаты (Гете Институтунун Сертификаты) болушу мүмкүн. Эгерде сизде тил сертификаты жок болсо, анда бизге алдын-ала каттоону электрондук почта аркылуу (infodaad-kyrgyzstan.org) 15.11.2020 чейин төмөнкү маалыматтарды жөнөтүшүңүз керек: аты-жөнү, университеттин аты, факультети, окуу курсу, электрондук почта, уюлдук телефон номери. Андан кийин биз сиз менен стандартташтырылган Skype маегин өткөрүп, немис тилин билүү деңгээлин аныктайбыз.
    Кененирээк
  • Магистр илимий даражасына:
    Англис тили: Өтүнмөңүз менен Германияда тандалган үч окуу программасынын талаптарына жооп берген деңгээлдеги тил сертификатын беришиңиз керек. Бардык расмий сертификаттар (IELTS, TOEFL) кабыл алынат. Стипендия тапшыруу үчүн биз БААУнун TOEFL сынагынын натыйжаларын кабыл алабыз. Сураныч, БААУ тестирлөө графиги жөнүндө билип алыңыз.
    Кененирээк
    Немис тили:
    Немец тилинде окуу үчүн, стипендияга тапшыруу үчүн, сизде жок дегенде B1 деңгээли болушу керек, ал эми кирүүгө арыз бергенде (2021-жылдын жазында) Германияда тандаган университеттериңиз талап кылган деңгээлге ээ болушуңуз керек. Зарыл болсо, DAAD стипендия башталганга чейин кыскача даярдануучу тил курсун каржылай алат.

    Коронавирустун жайылышына жол бербөө үчүн алдын алуу иш-чараларынан улам, тилекке каршы, быйыл немис тилин билүү боюнча onSET тестин өткөрө албай жатабыз. Эгерде сизде расмий немис тили сертификаты жок болсо, анда тестирлөөдөн өтүп, немис тилин билүү деңгээлин билиңиз:  Goethe-Institut немис тилин тестти, жана жок болгон күбөлүктүн ордуна, тил сертификатынын жоктугу жөнүндө түшүндүрмө тиркеп, жетишкен тил деңгээлиңизди көрсөтүңүз.
    Кененирээк

  • Колдонмо Прикладдык Илимдер Университети – Fachhochschule (FH) / Hochschule für angewandte Wissenschaften (HAW) менен университеттин ортосунда кандай айырма бар?
    Колдонмо Прикладдык Илимдер Университетинде окуу (Fachhochschule) практикага багытталган жана биринчи кезекте кесип үчүн маанилүү болгон билимди берет. Fachhochschule изилдөө негизиненде турат. Fachhochschule региондогу компаниялар менен тыгыз иштешет жана студенттер үчүн практика окутуунун маанилүү бөлүгү болуп саналат. Учурда колдонмо илимдин көпчүлүк университеттеринде докторантура мүмкүн эмес. Эгерде сиз Fachhochschuleде диссертация коргогуңуз келсе, анда ошол окуу жайда ушундай мүмкүнчүлүк бар экендигин аныктаңыз.
  • Жеке жана мамлекеттик жогорку окуу жайлардын айырмасы эмнеде?
    Университетте окутуунун сапаты, финансылык ресурстарга караганда бир аз айырмаланат. Жеке университеттердин студенттери, адатта, окуу акысын көп төлөшү керек. Мамлекеттик университеттерде билим берүү акысыз. Университетти тандап жатканда, окуу акысына көңүл буруңуз.

  • Германияда билим алуу канча турат?
    Мамлекеттик университеттерде билим алуу акысыз, бирок студенттер семестр деп аталган төлөмдү төлөшү керек, ал орто эсеп менен бир семестрде 250 евро түзөт. Бул акы китепкананы жана коомдук транспорттогу семестрди пайдалануу баасын камтыйт. Федералдык Баден-Вюртемберг штатындагы университеттер Европа Биримдигинин резидент эместеринен бир семестр үчүн 1500 евро өлчөмүндө милдеттүү түрдө окуу акысын алышат.
  • Германияда жашоо канча турат?
    Германиянын Мюнхен же Гамбург сыяктуу ири шаарларында ижарага алынган турак жай чакан шаарларга караганда бир кыйла кымбат. Демек, университетти тандаардан мурун, Германиянын белгилүү бир шаарындагы ижара акысынын деңгээли менен таанышуу өтө маанилүү. Германияда жашаганга орточо эсеп менен турак жай, тамак-аш, кийим-кече жана транспортту ижарага алуу үчүн айына болжол менен 850 евро керек.
  • Студенттер Германияда иштей алабы?
    Ооба, Германияда студент иштеп кошумча акча таба алат, бирок сиз жылына 120 күнгө чейин иштей аласыз.

  • DAAD ошондой эле бакалавр даражасын алуу үчүн стипендия береби?
    Жок.Бирок сиз бакалавр студенти катары университеттин жайкы курсуна стипендия алуу үчүн кайрыла аласыз. Бул үчүн, жок дегенде A2 деңгээлинде немисче тилин билүү зарыл. Бул стипендиялык программа жөнүндө көбүрөөк маалыматты стипендиянын маалымат базасынан таба аласыз.
  • Мектепти бүткөндөн кийин Германиянын университеттеринде окуу мүмкүнбү?
    Жок, бул мүмкүн эмес. Адегенде сиз Германиянын чет өлкөлүк талапкерлерди даярдоо колледжине (Studienkolleg) кирип, ал жерде бир жыл окуп, бүтүргөндөн кийин, акыркы экзаменден өтүшүңүз керек. Же ушундай эле адистиги боюнча Кыргызстандагы университетке кирип, биринчи курсту аяктагандан кийин Германиядагы университетке кирсеңиз болот
  • Даярдык колледжи (Studienkolleg) деген эмне?
    Даярдык колледжи (Studienkolleg) – бул немис университетине кабыл алууга даярдануу максатында немис тилин жана адистигиңиздин предметин окуган чет элдик талапкерлерге даярдык бөлүмү. Даярдык колледжи (Studienkolleg) кирүү экзамендерин немис тилинен В1 ден кем эмес деңгээлде тапшырса болот. Англис тилинде бакалавр даражасына даярданган даярдык колледждери бар, бирок алар жеке каржыланып, жогорку окуу акысын талап кылат.

  • Эгер мен немис тилин жакшы билсем, анда стипендия алуу мүмкүнчүлүгүм жогору болобу?
    Жок, тандоо комиссиясы үчүн окутуу тилинде артыкчылыктар жок.
  • Магистрдик даражага ээ болсом, стипендия алуу үчүн кайрылсам болобу?
    Жалпысынан, буга каршы эч нерсе деп айтууга болбойт, бирок сиз профессионалдык өнүгүүңүз үчүн экинчи магистр даражасын неге алгыныз келип жаткандыгын жана анын ордуна эмне үчүн аспирантура даражасын алууга аракет жасабай жатканынызды айтып беришиниз керек.
  • Менин Кыргызстандын жаранымын, бирок мен башка мамлекеттин университеттерин аяктагам. Магистрдик стипендия алуу үчүн DAADнын Кыргызстандагы стипендиясын тапшырсам болобу?
    Ооба, эгер сиз стипендияга арыз берген учурда Кыргызстанда болсоңуз.
    Бирок, эгер сиз дагы деле чет жерде, окууп жаткан шаарда болсоӊуз, анда DAAD стипендиясын алуу үчүн ошол жактагы DAAD офисине кайрылыңыз.
  • Мен башка өлкөнүн жаранымын, бирок мен Кыргыз университетин бүтүргөм. Магистрдик стипендия алуу үчүн Бишкектеги DAAD стипендиясына тапшырсам болобу?
    Ооба.
  • Стипендия алуу үчүн арыз документтерин качан тапшыруу керек?
    Документтерди,өтүнмө берилген күндөн 2-3 жума мурун тапшырган жакшы,себеби акыркы күндөрү DAAD порталына көп жүктөлүшү мүмкүн, бул порталдын туура эмес иштешине алып келиши мүмкүн.
  • Эгер Германияда болсом, анда DAAD стипендиясына арыз бере аламбы?
    Ооба, эгер сиз арыз тапшыруу учурунда 15 айдан ашык Германияда болбосоңуз.
  • Мен мурунтан эле Германиянын университетине тапшырган болсом дагы, DAAD магистратура стипендиясына тапшыра аламбы?
    Ооба, эгер сиз 2 жылдык магистрдик даражанын биринчи семестринде болсоңуз. Сиз 1 жылдык DAAD магистрдик стипендиясын алууга экинчи жылдын билим алуу каржылоосуна кайрыла аласыз. Эгерде бул мурунку пунктка карама-каршы келбесе. Эгерде тандоо боюнча маектешүүгө чакырылсаңыз, Бишкекке өз эсебинизден учуп келүүгө милдеттүү экендигин эске алуу керек.
  • Германиядан окууга ылайыктуу университетти озум тандай аламбы?
    Албетте. Окуу жайды тандап жатканда, окуу акысын албаган жогорку окуу жайды тандап алганыңызды текшериңиз. DAAD жашоо чыгымдарын жабуу үчүн гана стипендия төлөйт. Окуу акысын өзүңүз каржылашыңыз керек.
  • Мен DAAD магистрдик стипендиясына арыз бергим келет. Үй-бүлөмдүн мүчөлөрүнө кошумча каражат сурасам болобу?
    Ооба, стипендия ээси катары сиз үй-бүлөлүк каржылоо алуу үчүн кайрыла аласыз. Бирок DAAD туруктуу магистрдик программасынын бир бөлүгү катары гана.ERP программасы боюнча үй-бүлө мүчөлөрү үчүн кошумча каржылоо каралган эмес.
  • Эгерде мен жергиликтүү окуу жайдын акыркы курсунда болсом , DAAD магистратурасына стипендия алсам болобу?
    Ооба, бирок DAAD стипендиясы күчүнө кире электе,окуп жаткан университеттин бакалавр диплому алынса гана.
  • Мен жергиликтүү университеттин сырттан окуу бөлүмүндө окуйм, DAAD стипендиясына тапшырсам болобу?
    Жок, бул мүмкүн эмес.
  • Биринчи эмне кылышым керек – Германиядагы университетке тапшыруубу же стипендия алуу үчүн арыз тапшыруубу?
    Магистрдик DAAD стипендиясын алуу үчүн, окуу башталганга чейин 1 жыл мурун арыз жазышыныз керек. Арыздарды кабыл алуу август айында жарыяланат, арызды тапшырып бүтуү ошол эле жылдын октябрь айынын аягында болот. Стипендияга жооп, эреже катары, кийинки жылдын март айында келет. Андан кийин түз эле Германиянын бир университетине окууга орун сурап кайрыласыз. Немис университеттеринде арыз берүү мөөнөтү март жана июль аралыгында, айрым университеттерде айырмаланат. Бул стипендиялык программа жөнүндө көбүрөөк маалыматты стипендиянын маалымат базасынан таба аласыз.

  • DAADдан диссертацияны жактоо үчүн стипендия бөлүнөбү?
    Ооба, жыл сайын август айында докторантурага стипендия алуу үчүн арыздардын жаңы туру жарыяланат. Арыз берүүнүн акыркы күнү ошол эле жылдын ноябрь айынын ортосунда болот. Дипломдук ишти жактоо үчүн стипендия жөнүндө көбүрөөк маалыматты стипендиянын маалымат базасынан таба аласыз.
  • Ошондой эле англис тилинде диссертацияны жактай аламбы?
    Ооба, Германиядагы кураторуңуз сиз менен англис тилинде иштөөгө макулдугун берсе.

  • Мен Германияда англис тилинде магистратурада окууну пландап жатам, мага немис тилин кошумча билүү керекпи?
    Сөзсүз эмес. Сиз тандаган университеттин коюлган тил талаптарын аткарсаңыз жетиштүү.Бирок ошол эле учурда, немис тилин билүү сиздин Германиядагы күндөлүк жашооңузду бир топ жеңилдетерин эске алыныз.
  • Германияда окуу үчүн мен тилди кайсы деңгээлде билишим керек?
    Тил талаптары окуу пландары менен университеттердин ортосунда ар кандай болушу мүмкүн. Бирок, эреже катары, Германиянын университеттери тилди C1 деңгээлинде билүүнү талап кылышат (эң жогорку деңгээл).
  • DAAD стипендиясына арыз бергенде расмий тил боюнча күбөлүк (TestDaF, iBT, TOEFL ж.б.) тапшырышым керекпи?
    Стипендия алуу үчүн арыз бергенде, тандалган ЖОЖго кабыл алуу үчүн сиздин тил деңгээлиңизди тастыктаган тил сертификатын тапшырышыңыз керек. Бул расмий эмес күбөлүктөр болушу мүмкүн. Немис тилинде – тест Бишкектеги DAAD маалымат борбору тарабынан өткөрүлөт. Англис тилинде – арыздын биринчи этабында, АУЦАдан TOEFL тестин тапшырууга болот. Эгер сиз стипендия алсаңыз, немис университетине тапшырганда расмий тилдеги күбөлүктү тапшырышыңыз керек.

Германиянын жогорку окуу жайларынын тизмеси

Kick-start your future career in Financial Management at Coburg Univer...

If you are interested in management and finance our premium MBA program Financial Management could be just right for you! The program features an optional Dual Degree from UniSC Australia and a Bloomb...

Кененирээк

Study in Berlin - MBA & International Master’s Programmes

Our internationally recognized MBA & Master’s programmes will provide you with the knowledge and tools to conduct business in the global market.

Кененирээк

Truly international – Study at ESB Business School!

Do you want to study in the heart of Germany, Europe’s strongest and most dynamic economy? Come to ESB Business School at Reutlingen University!

Кененирээк

Apply now for the Master’s program in European and International Law (...

Boost your career now and study European & International Law together with students from more than 30 countries.

Кененирээк

Earn an LL.M. International Finance degree at the Institute for Law an...

Scholarships available! Degree conferred by Goethe University Frankfurt. For graduates from Asia holding a first degree in law, business or economics. One-year program conducted in English. Apply now...

Кененирээк

Discover the top-ranked International Master & PhD Programs at RPTU Un...

21 International Master & PhD Programs at RPTU University of Kaiserslautern-Landau Application Deadline: Apr 30 & Oct 31 More information: https://rptu.de/international/home

Кененирээк

Professional IT Business & Digitalization Master

Ready for the next step in your IT-career? Welcome to the international master’s program Professional IT Business & Digitalization at HTW in Berlin. The program provides in-depth knowledge in the fiel...

Кененирээк

English-taught Master Programmes in Green and Information Technologies

Study innovative, future- and practice-oriented engineering Master’s programmes in central Germany!

Кененирээк
1/8

Байланыш маалымат

  • ДААДнын Бишкектеги маалымат борбору

    Исанов кочосу, 143/1 720000 Бишкек, Кыргызстан Телефон: (0312) 32 39 48
    Электрондук почта: infodaad-kyrgyzstan.org
DAAD жайгашкан жерлердин белгиленген картанын скриншоту